Жаңылыктар
Мекенге кайтуу күбөлүгү... Консулдук кызматта кезекте тургандар арбын
Мекендештер
Мекенге кайтуу күбөлүгү... Консулдук кызматта кезекте тургандар арбын

AIS СВР тутуму Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүндө ишке киргизилди. Ал ортодо, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук кеңселеринде мекенге кайтуу күбөлүгүн алууну каалагандардан узун кезек жаралды.

Москвадагы консулдук кызматта кезекте тургандар арбын. Алардын көпчүлүгү мекенге кайтуу тууралуу күбөлүгүн алуу үчүн келишкен, арасында балдары менен келген ата-энелер көп. Дипломатиялык мекеменин кызматкерлери түшүндүргөндөй, мындай көрүнүш ушул айдын башынан бери байкалууда.

Мындан ары мындай күбөлүк алам деген мекендештерге балдары менен келүүнүн кажети жок. Эң негизгиси, тиешелүү документтер жана сүрөттөр жанында болсо болду.

AIS СВР тутуму санариптештирүүгө багытталган иштердин бири. Ал мекенге кайтып кетүүгө күбөлүктү тариздөө жөнүндө маалыматты сактоо, берүү жана иштетүү менен байланышкан ишти автоматташтырууга багытталган программалык-аппараттык каражаттардын жыйындысы. 

Консулдук мекемелерде жарандардын арбын болушу, мекендештердин жай мезгилинде үйлөрүнө кайтып жаткандыганда. Андан сырткары 15-июнь жакындап келе жатат. Эскерте кетсек, бул күндөн тартып Орусияда айып салынган жана документтери жайында эмес чет элдиктер үчүн убактылуу жүрүү мөөнөтү аяктайт. Көпчүлүк мекендештердин айтымында, алар массалык текшерүүдөн чочулап, үйлөрүнө кайтып жатышат.