Жаңылыктар
Эл аралык "Балдарды сактоо" уюму ракеталык чабуулдарды токтотууга чакырууда
Дүйнө
Эл аралык "Балдарды сактоо" уюму ракеталык чабуулдарды токтотууга чакырууда

Эл аралык "Балдарды сактоо" уюму Израиль менен Палестинаны ракеталык чабуулдарды токтотууга чакырды. Бул чабуулдун натыйжасында 30дан ашуун адам каза болгон, алардын ичинен 12си балдар. “Балдарды сактоо” уюму билдиргендей, жашы жете электер жардыруунун үнүн угуп, коркуп калышкан жана алар адистердин жардамына муктаж.

Эл аралык "Балдарды сактоо" уюму Израиль менен Палестинаны жарандык жоготууларга алып келген ракеталык чабуулдарды тезинен токтотууга чакырды. Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин айтымында, дүйшөмбүдөн баштап ок атуунун жана жардыруунун натыйжасында палестиналык жөнөкөй жарандар курман болгон. Алардын ичинде жашы жете элек өспүрүмдөр дагы бар.

Израилдин жээк анклавына жасаган соккусу палестиналык радикалдардын ракета учуруусуна жооп болду. Алардын өкүлдөрү шейшемби күнү кечинде жана шаршемби күнү эртең менен Тель-Авив менен Беэр-Шевага карай 200дөн ашуун ракета учурулгандыгын жарыялашты. Беш израилдик өлтүрүлгөнү кабарланды. Алардын ичинде жаш өспүрүмдөр жок. Израилде өлтүрүлгөн аялдардын биринин кичинекей баласы калды.