Жаңылыктар
Израиль менен Палестинанын куралдуу тиреши курчуп, ракеталык чабуулдар токтой элек (видео)
Дүйнө
Израиль менен Палестинанын куралдуу тиреши курчуп, ракеталык чабуулдар токтой элек (видео)

Израилдиктер менен палестиналыктардын куралдуу тиреши курчуп, ракеталык чабуулдар токтой элек. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун айтымында бул үчүн ХАМАС жооп берет, алар өтө чоң жоготуу үчүн айып тартышат. Ошондой эле, Израиль армиясы Газа тилкесине каршы операцияларды кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Газа тилкесинде израилдиктер менен палестиналыктардын куралдуу тиреши курчуп жатат. Палестиналык ХАМАС тобунун командири өлтүрүлүп, тилкедеги көп кабаттуу имарат кыйраган соң Израилди көздөй ондогон ракеталар атылды. Кырдаал курчугандан тартып кеминде 56 палестиналык курман болду. Алардын 14ү жаш өспүрүмдөр. Израил тараптан жети адамдын мерт болгону кабарланды.

Тель-Авивдин чыгыш тарабындагы Лод шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жергиликтүү бийлик тополоңдордон жана ал жерде жашаган жөөттөр менен арабдардын кагылышуусунан улам кырдаалды башкара албай калгандыктарын билдиришти.

Чыгыш Иерусалимдеги жаңжалдын келип чыгышынын себеби - палестиналык радикалдар ракета чабуулу экенин билдиришти. Өткөн жумада Израилдин аскерлери 50-жылдардан бери Иорданиядан уруксат алып жашап келген бир нече араб үй-бүлөлөрүн үйлөрүнөн кууп чыгышкан. Ошондон бери шаарда башаламандыктар токтой элек.