Президент Садыр Жапаров «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга жана Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу презденттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мыйзамды Жогорку Кеңеш ушул жылдын 6-майында кабыл алган.
Документтин негизги максаты жер казынасын коргоонун, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузган, жумуштар таасирин тийгизген аймакта жашаган же иштеген адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген коомдордо тышкы башкарууну киргизүүнүн негиздери менен тартибин жөнгө салуучу ченемдерди киргизүү болуп саналат.
Мындан тышкары, Жазык кодекси убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган берене менен толукталды. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.