Жаңылыктар
Тайлак баатыр эгемендик үчүн жан үрөп күрөшкөн
Маданият
Тайлак баатыр эгемендик үчүн жан үрөп күрөшкөн

Улуу инсандар - алар тарыхты алып жүрүүчүлөр. Так ошол инсандардын ишмердигинин айланасында тарых куралат. 2200 жылдык мезгилди камтыган кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында, Тайлак баатыр сыяктуу чыгаан ишмерлер чечүүчү роль ойноп кетишти. Бул дагы чындык. 19-кылымдын биринчи жарымындагы кыргыздардын саясий тарыхын, Тайлак баатырдын коомдук саясий ишмердигисиз элестетүү эч мүмкүн болбосо керек.

Тайлак Рыскул уулу болжол менен 1796-жылы Нарын дайрасынын боюндагы Каргалык деген жерде, азыркы Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондорунун чегинде туулган.
XIX кылымдын 20-жылдарында Тайлак баатыр Кашкарды башкарып келген кожолордун укум-тукумдарынан чыккан Жааңгер кожонун Цинь империясынын баскынчыларына каршы чечкиндүү аракеттерине колдоо көрсөткөн. Тарыхчылар анын өмүр жолун 4 этапка бөлүп айтып жүрүшөт.