Жаңылыктар
Мектептерде акыркы коңгуроо онлайн өткөрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Мектептерде акыркы коңгуроо онлайн өткөрүлөт

Мектептерде окуу жылынын аяктаганына байланыштуу салтанаттуу иш-чаралар онлайн өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Мындай чечим эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынган. 

Окуу жылы республикадагы жалпы билим берүү уюмдарында 25-майда аяктайт. Маалыматка ылайык, Бишкек, Ош шаарларынын, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери онлайн бүтүрүүчүлөр менен мектеп администрациясынын, класс жетекчилердин, мугалимдердин куттуктоолорун уюштурушат. 

Онлайн-форматта өткөрүлчү "Бүтүрүүчү — 2021" иш-чарасынын программасы жана аны өткөрүү шарттары министрликтин буйругу менен бекитилип, бардык билим берүү уюмдарына таркатылган. 

Белгиленген талаптарга жооп берген видеоматериалдар, тагыраагы, чакан концерттик программа менен коштолгон 15 мүнөттүк куттуктоолор ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясынын "Билим жана илим" каналынан көрсөтүлөт. Ал эфирден 25-майда эртең мененки саат 10.00дөн 12.30га чейин берилет. Ошондой эле видеоматериалдар телеканал менен Билим берүү жана илим министрлигинин социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырылат.