Мамлекеттин карамагындагы ишканалардын ишмердүүлүгүн арттырып, киреше түшө тургандай нукка салуу багытында алардын айрымдарын жеке менчикке өткөрүү боюнча тизме түзүлүүдө. Бул багытта мамлекет башчысынын жарлыгы чыгып, анда карызга баткан ишканаларды ыраатташтыруу боюнча айтылган.
Президент мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастаганын белгилеген. Азыркы тапта Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагында 100дөн ашык мамлекеттик ишканалар жана 60тан ашык акционердик коомдор болсо алардын үчтөн бири гана бюджетке салык төгүп, кирешелүү тармак катары иштеп келе жатат.
Менчикке өткөрүү боюнча тизмеде Бишкек шаарындагы Чыгыш автобекети, Бишкек машина куруу заводу жана Бишкек штамптоочу заводу бар. Мындан сырткары дагы бир катар лабораториялар, бажы тармагындагы бирин-бири кайталаган ишканалар кирген. Эми алардын бардыгы бир жыл ичинде иретке келтирилип, киреше алып келе турган ишканалардын катарына кошулат.