Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо жокко чыгарылган. Эми президент бир айдын ичинде кайра шайлоолорду дайындашы керек. 3 шаарда шайлоолорду жокко чыгаруу боюнча аймактык шайлоо тилкелеринин чечимдери азыркы учурда борбордук шайлоо комиссиясында каралууда, ал эми анын жыйынтыгы сот органдарында териштирилип, дагы бир топ убакытты алышы мүмкүн.
Шайлоо учурундагы массалык добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактыларынын өтө көп катталгандыгынан улам борбор калаа Бишкекте, мындан сырткары Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды. Арыз даттануулар шайлоого катышкан дээрлик бардык партиялардын үстүнөн түшкөн.