Жаңылыктар
Пандемиянын мигранттарга таасири, андан жаралган бир топ көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланды
Мекендештер
Пандемиянын мигранттарга таасири, андан жаралган бир топ көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланды

Чет өлкөгө барып иштөөгө камынып жаткан жарандар кыйынчылыктарга кабылбаш үчүн бара турган өлкөнүн маданиятын, тилин, ошондой эле ишине байланыштуу өз укуктарын жана өлкөдөгү жергиликтүү эмгек жана миграция мыйзамдарын билиши керек. Бул тууралуу “Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлөргө жумушка орноштуруудагы кыйынчылыктар жана чектөөлөр. Аларды чечүү жолдору” аталышында өткөн конференцияда айтылды. Иш-чаранын катышуучулары пандемиянын мигранттарга тийгизген таасири, андан жаралган бир топ көйгөйлүү маселелерди талкуулашты.

Бүгүнкү күндө расмий маалымат боюнча Кыргызстандын бир миллиондон ашык жараны эмгек мигранты катары дүйнөнүн 16 өлкөсүндө иштейт. Алардын дээрлик 80 пайызы Орусияда болсо, калгандары Казакстан, Түркия, Түштүк Корея, Япония жана башка өлкөлөрдө эмгектенүүдө.