Президент Садыр Жапаров эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Анын алкагында өлкө башчы бүгүн Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш айылында «Агро-Куш» ири канаттуулар фермасынын ишке киргизилишине катышты. Аталган ишканада жылына 2,5 миллион жумуртка өндүрө турган инкубатор иштеп жатат. Ошондой эле саатына 3 миң канаттууну соё турган касапкана салынган.
Жаңы эле ишин баштаган бул өндүрүш мекемеси канаттуулар этин өндүрүүгө багытталган. Долбоордо канаттууларды багып-өстүрүп, аларды сойгонго чейинки толук цикли камтылган.