Жаңылыктар
Түркиядан келген ишкерлер тобу менен Кыргызстандагы инвестициялык климатты талкуулаган жыйын өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Түркиядан келген ишкерлер тобу менен Кыргызстандагы инвестициялык климатты талкуулаган жыйын өттү

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министрлигинде Түркиядан келген ишкерлер тобу менен кыргыз тарап ортосунда Кыргызстандагы инвестициялык климатты талкуулаган жыйын болуп өттү. Анда Түркиялык делегация өкүлдөрү чет элдик инвестор үчүн кандай шарттар каралганы тууралуу жана башка керектүү маалыматтарды ала алышты.

Түркиянын палаталар жана товардык биржалар бирлигинин президенти жетектеген топтун курамын Түркиянын 6 провинциясынын ишкерлер уюмунун башчылары түзөт. Ар бири өз мекенинде ири ишкер жана гидроэнергетика, текстиль, кайра иштетүү, туризм өңдүү тармактарда ишмердүүлүк жүргүзөт. Алар Кыргызстандагы акча салган инвестор үчүн каралган жеңилдик жана кепилдиктер менен таанышып, стратегиялык багыттарын аныктоого келишкен.