Социалдык түйүндөргө жарыяланган айрым билдирүүлөрдө, коомчулуктагы талкууларда кээ бир саясатчылардын кримчөйрө менен биригип, тынчтыкты бузуу жолу менен бийликке кайтуу аракети айтылууда.
Баткенде орун алган калабалуу окуя маалында да дал ушундай кадамдардын учу көрүнгөн. Адистердин айтымында азыркы кырдаал тескерисинче саясатты токтото туруп, бир муштумдай биригүүнү талап кылып жатат. Андыктан алар жеке амбицияны артка калтырып, ар бир кадамды акыл менен таштоого чакырышат.