Жаңылыктар
Ош облусунун аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кырсык
Ош облусунун аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Ош облусунун аймагында 14-май күнү саат 15:54тө очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады. 

Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 5 балл, Талды-Суу, Арча-Булак, Сары-Могол, Сары-Таш айылдарында 4 балл, Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит, Кулчу айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.