Коронавирустан акыркы бир күндө сегиз адам көз жумду. Алардын бешөө Бишкекте, экөө Чүй облусунда жана бирөө Ысык-Көл облусунда катталды. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, 16-майда 224 адамга коронавирус жукканы лабораториялык жактан тастыкталды.
Оору жуктургандардын эң көбү Бишкек шаарында. Андан кийинки катарда Чүй облусу. Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын расмий саны 100 473 адамга жетти. 93 602 адам илдетти жеңип, сакайды. Жалпы пандемия учурунда коронавирустан көз жумгандардын саны 1703 адамга жетти.