Калкты эмдөө темпин күчтөндүрүү керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесинде билдирди. Жыйында өлкөнүн аймактарындагы эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкунуна карай күчтүн жана каражаттардын даярдыгы, калкты COVID-19га каршы вакцинациялоонун жүрүшү талкууланды.
Өз сөзүндө Жылдыз Бакашова өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетсе, иш-чаралар планын өз убагында жана толугу менен ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ортодо Министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, шаардык мэрияларга, айрыкча Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл облустарында күн сайын коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн коомдук тамактануу жайларында, базарларда, эл көп чогулган жерлерде жана коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузуучуларды аныктоо боюнча рейддерди өткөрүү тапшырмасын берди.