Жаңылыктар
Кыргыз - түрк мамилелерин өнүктүрүү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз - түрк мамилелерин өнүктүрүү

Кыргыз тарап кыргыз-түрк мамилелерин өнүктүрүүгө өзөчө маани берет, анткени Түркия Кыргызстанга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салымын кошууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар бирлигинин президенти Рифат Хисарджыклыоглу жетектеген делегация менен жолугушууда билдирди. Айтымында, бүгүнкү күндө республика жетекчилигинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири катары инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртуу болуп саналат. Тилекке каршы, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын реалдуу мүмкүнчүлүгүнө дал келбейт. 

Жалпы максатка жетишүү үчүн эки өлкө биргелешкен инфрастүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруусу керек экенин айтты. Ошондой эле, ушул жылдын 8-9-июлунда Чолпон-Ата шаарында өтө турган эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын X кеңешмесин өткөрүү алкагында түрк компаниялары жана ишкерлери Кыргыз-Түрк бизнес-форумунун ишине активдүү катыша аларын кошумчалады. Өз кезегинде Рифат Хисарджыклыоглу делегация мүчөлөрү менен тааныштырып, түрк тарап мындан ары эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, тагыраагы товар жүгүртүү жана инвестициялар деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле өлкөнүн өнүгүүсү үчүн өнөр-жай потенциалын кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. 

Мындан тышкары, түрк делегациясы келечекте өлкөдөгү кичи жана ири гидроэлектростанцияларды куруу жаатында кызматташууга даяр экендигин айтты.