Кыргыз-тажик чек арасында орун алган акыркы окуядан улам түзүлгөн кырдаал боюнча, облустук мекеме ишканалардын жетекчилеринин жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. Облус башчысы Абдикерим Алимбаев биринчи кезекте жарандардын турак үйлөрүн куруу иштери менен катар, алардын чек арадагы окуяда жоголгон, өздүгүн тактоочу документтерин калыбына келтирүү иштерин тездетүүнү тапшырды.
Маалым болгондой бүгүнкү күнгө Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан ID кард үлгүсүндөгү паспорт алуу үчүн 49, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн 2, нике күбөлүгүн алуу үчүн 1 жарандын арызы кабыл алынган. Жакынкы күндөрү 17 жарандын паспорту, ээлерине тапшырылат. Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл чек ара аймактарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ЖРТ маселесин көтөрдү. Баткен облусу өлкө борборунан алыстыгын, шартынын катаалдыгын эске алып, ЖРТнын босого балын төмөндөтүү, жеңилдик берүү боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.
Мындан тышкары, жетекчилерге облустун ар бир айылын мектеп, бала бакча, спорт аянтчасы жана ФАП менен камсыздоо боюнча программа даярдоо, эл аралык кызматташууну жандантуу менен инвестиция тартуу, алыскы айылдарда жумуш орундарын түзүүчү ишканаларды куруу, жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн сугат суунун жетиштүүлүгүн камсыздоо маселеси коюлду.