Жаңылыктар
Centerra Gold "Кыргызалтынга" дивиденддерди которду
Экономика
Centerra Gold "Кыргызалтынга" дивиденддерди которду

 Канадалык Centerra Gold компаниясы "Кыргызалтын" ишканасынын эсебине акциялардынын дивиденди катары 14 миллион 280 миң доллар которду. 

Мындай кадам Centerra Goldдун карамагында турган Кыргызстанга тиешелүү болгон бардык акцияларды Канаданын соту камактан чыгаргандан кийин ишке ашты. Канаданын Онтарио провинциясынын жогорку соту, Кыргызалтын ишканасы келтирген жүйөлөрдү карап чыккандан кийин, мурда кармалып турган 11 миллион 253 миң 655 акциясын камактан чыгаруу чечимин чыгарган. Муну менен азыркы тапта “Кыргызалтындын” дивиденддери менен акциялары эч кимге көз каранды эмес десек болот.