Жаңылыктар
Баткен районунун Кара-Токой айылында жаңы ФАП курула башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен районунун Кара-Токой айылында жаңы ФАП курула башталды

Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүнүн Кара-Токой айылында жаңы ФАПтын имаратына капсула салынды. Иш-чарага Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев, район акими Учкунбек Жоробаев жана жергиликтүү тургундар катышты. 

ФАПтын жаңы имаратынын курулушу менен, анын базасында стоматология, гинекология, жугуштуу оорулар бөлүмү, жүрөк дартын кароо бөлүмү жана жалпы имаратты жылытуучу система орнотулуп, заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздоо каралган. 

Жалпы сметалык баасы 2 млн. 800 миң сом болгон курулушту “Ассанабил” кайрымдуулук фонду каржылоого алууда. Белгилей кетсек, Кара-Токой айылындагы 1000ден ашуун калкты тейлеген ФАПтын имараты 1962-жылы СССР мезгилинде курулуп, эскилиги жетип, жаңы имарат куруу зарылчылыгы жаралган болчу.