Бүгүн Бишкекте ысык суу бир айга өчүрүлдү. Шаардык муниципалитеттин билдирүүсүнө караганда, суу 17-июнга чейин жок болот. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койгон.
Өчүрүү жыл сайын жүргүзүлүүчү техникалык тейлөө иштерине жана жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө тутумдарын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт. Мэрия шаар тургундарынан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, бул ишке түшүнүү менен мамиле жасоого чакырат.