Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жабыркагандарга жалпы 87 млн сом чогулду. Каражаттын 80 млн 251 миң 230 сому Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын эсебине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 2 млн 85 миң 340 сом жана Бишкек шаарынын мэриясынын эсебине 5 млн 415 миң 930 сом түштү. Учурда чогулган каражаттар коротула элек.