Жаңылыктар
Президент Тайлак баатырдын 220 жылдыгына карата кайрылуу жасады
Маданият
Президент Тайлак баатырдын 220 жылдыгына карата кайрылуу жасады

Бүгүн Нарын областындагы Соң-Көлдүн жээгинде Тайлак Баатырдын 220 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жатат. Буга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусун салтанаттын катышуучуларынын алдында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков окуп берди. 

«Урматтуу мекендештер!
Быйылкы “Тарых жана маданият жылындагы” даңазалуу окуялардын бири – Теңир-Тоодон чыккан көкжал баатыр жана залкар тарыхый инсан – Тайлак Рыскул уулу атабыздын 220 жылдык маарекеси.

Тайлак Баатыр мамлекеттүүлүгүбүздү жана аймактык бүтүндүгүбүздү сактоого зор салым кошкон кыргыз элинин эң көрүнүктүү инсандарынын, уулдарынын бири болуп саналат. Биз Баатыр бабабыздын буга чейин бааланбай келген тарыхый ордун кайтарып берип жатабыз.
Тайлак Баатырдын торколуу тою быйыл өткөрүлүп жаткан Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына, 1916-жылдагы боштондук көтөрүлүштүн жана Үркүндүн 100 жылдыгына, Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына шайкеш келгени - өзгөчө белги. Бул маарекелер кыргыз элинин тарыхый аң-сезимин арттырып, мекенчил сезимин курчутат, ынтымагыбыз менен биримдигибизди бекемдейт.
Тайлак Баатырдын өмүрү - Мекендин бир карыш жери үчүн кан-жанын аябай күрөшүүнүн, улуттук намыстын үлгүсү", - деп айтылат Өлкө башчынын кайрылысуунда.