Жаңылыктар
Златан Ибрагимович Европа чемпионатына катышпайт
Спорт
Златан Ибрагимович Европа чемпионатына катышпайт

“Милан” клубунун чабуулчусу Златан Ибрагимович алдыдагы Европа чемпионатында Швеция курама командасына жардам бере албайт. Бул тууралуу Швециянын Футбол Ассоциациясынын Твиттердеги аккаунту билдирди.

39 жаштагы чабуулчу тизесинен жаракат алып, Евро-2021сиз калды. Ибрагимович 9-майда Италиянын чемпионатынын "Ювентуска" каршы беттеште жаракат алып, оюн талаасынан чыгып кеткен. Аталган оюнда “Милан” атаандаштарын 3:0 эсебинде жеңип алган.

2020-жылдагы Европа чемпионаты  ушул жылдын жайында өтөт. Турнир 11-июнда башталып, 11-июлда аяктайт.

Златан Ибрагимович Швеция курама командасынын тарыхындагы эң мыкты бомбардир. Футболчу 62 голдун автору саналат. Клуб деңгээлинде ал Европанын алдыңкы чемпионатындагы оюндары менен белгилүү. Карьерасындагы эң атактуу клубдар  “Барселона”, “Манчестер Юнайтед”, “Пари Сен-Жермен” жана  “Ювентус”командасы.