Жаңылыктар
Кыргызстан менен Хакасиянын ортосунда жаңы аба каттам ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Хакасиянын ортосунда жаңы аба каттам ачылды

Бишкек - Абакан аба каттамы боюнча жаңы рейс ачылды. Бул багыттагы алгачкы учуу кечээ болду. Каттам мындан ары бир жумада бир жолу Боинг-737 делген комфортабелдүү учактар менен аткарылат. 

Тагыраагы, учак ар жума сайын Бишкектен Хакасияга 12:15те учуп кетсе, Абакандан Кыргызстанга 19:35те учуп келет. Билеттерди бардык авиакассалардан жети миң сомдун тегерегинде тапса болот. 

Биринчи рейстин жүргүнчүлөрү болуп каттамды ишке ашырган авиакомпания жетекчилери, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, “Манас” аэропортунун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү барды. Адистердин айтымында, бул рейс Хакасия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө болот.