"Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн изилдеген мамлекеттик комиссия ишти 2021-жылдын күзүнө чейин узартууну пландоодо. Бул тууралуу Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, комиссиянын иши компаниядан дооматтарды алууда өкмөткө жардам бере алгыдай уланышы керек. Анын айтымында, учурда арбитраждык процесстер башталды, бардык кагаздар даярдалды.
“Биздин юристтер парламент эл өкүлү катары арбитраждык процесстерге катышуусун сунуштоодо. Өкмөт жана мамлекеттик органдар процесстин катышуучулары болот, ал эми парламент юриспруденция боюнча жарандардын өкүлү болуп саналат. 4 жараныбыз биринчи соттон жеңип чыгышты, калган соттор дагы адилеттүү болот. Алар бизди арбитраждык сотто көрсөтүшөт”, - деди Жапаров.
Мындан мурда Жапаров кыргыз тараптын «Центерра Голд» компаниясына дооматы 4 млрд 200 млн долларды түзө турганын билдирген.Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин 2021-жылы 17-февралдагы токтому менен “Кумтөр” компаниясынын ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Кийин анын макамы мамлекеттик болуп өзгөртүлгөн.