Жаңылыктар
КРнин Эл артисти Муканбет Токтобаевге эстелик тургузулду
Маданият
КРнин Эл артисти Муканбет Токтобаевге эстелик тургузулду

Бүгүн Эл артисти Муканбет Токтобаевдин каза болгонуна бир жыл толду. Маркумдун сөөгү коюлган "Ала-Арча" көрүстөнүндө анын эстелиги ачылды. 

Көрүнүктүү маданият ишмерин эскерүүгө жакын туугандары, курсташтары жана анын чыгармачылыгын баалагандар келишти. Муканбет Токтобаев калктын калың катмарына "Президент жана Бомж" "Фудзиямадыгы кадыр түн" тасмалары, "Король Лир", "Алчалуу бакча" жана көптөгөн спектаклдардагы жараткан мыкты ролдору аркылуу белгилүү. 

Актер Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында жарык дүйнөгө келген. 1967-жылы Москва шаарындагы театралдык институтту бүтүргөн. Андан соң Ош облустук драм театрында, Кыргыз мамлекеттик академиялык театрда жана ошондой эле "Туңгуч" театрында да эмгектенген. Муканбет Токтобаев 2015-жылдын 30-июлунда жол кырсыгына кабылып каза тапкан.