Жаңылыктар
Баткендеги бүгүнкү окуя. Чек арада кармалган кыргыз жана тажик жарандары бошотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Баткендеги бүгүнкү окуя. Чек арада кармалган кыргыз жана тажик жарандары бошотулду

Чек арада кармалган кыргыз жана тажик жарандары бошотулду, - деп билдирди облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылынын жергиликтүү тургундары бүгүн, 17-май күнү эртең менен Ак-Сай айылынан үч тажик жаранын кармап алышкан. 

Жергиликтүүлөр тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагында жүргөндүгүнүн себебин тактоо максатында милицияга өткөрүп беришкен. Ошол эле учурда тажик жарандары Тажикстандын Ворух айылы аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргыз жаранын кармап алышкан. Бул окуя боюнча Баткен жана Согди облустарынын башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине жеринде жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча тапшырма беришти. 

Натыйжада эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугуп, эл менен бирге макулдашылып, эки тараптан тең кармалган жарандар бошотулду. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргызстандыктардын саламаттыгы дарыгерлер тарабынан текшерилди.