Ысык-Көл облусу Россиянын Свердловск жана Челябинск облустары менен көп тармактуу кызматташат. Бул багыттагы макулдашуулар эки облустун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда белгилүү болду.
Кызматташуудагы негизги багыттар туризм, айыл чарбасы жана билим берүү тармагына жасалат. Эми Ысык-Көл облусундагы жыл бою иштеген курорт, санаторийлер Россиянын эки облусунда иштеген завод, фабрикалардын кызматкерлерин кабыл ала баштайт. Ал эми экинчи маселе боюнча Ысык-Көл облусундагы өстүрүлгөн мөмө-жемиштерди жакшы баада алып кетүү боюнча макулдашуулар болду.
Мындан сырткары, Ысык-Көл мамлекеттик университети менен Россиянын эки облусундагы билим берүү мекемелери ортосундагы кызматташтык жүрүп, студентер, окутуучулар ортосунда тажрыйба алмашуулар жүргүзүлөт. Жолугушуунун соңунда делегация өкүлдөрү жеңиш паркындагы өчпөс отко жана Александр Пушкиндин эстелигине гүл чамбар коюшту.