Жаңылыктар
Президент элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн бир катар өлкөлөрдүн Кыргызстанда дипломатиялык ишин баштаган элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды. Өлкө башчыга Пакистан жана Афганистан Ислам Республикаларынын, коңшу Өзбекстандын, Венгриянын, Түркиянын жана бир тууган Казакстандын элчилери ишеним каттарын тапшырды. Дипломаттар өлкөлөр ортосундагы саясий, соода жана маданий байланыштарды өнүктүрүүнүн үстүндө иштей турганын билдиришти.

Эң биринчилерден болуп өлкө башчыга ишеним грамотаны Пакистандын элчиси тапшырды. Эки өлкө ортосундагы дипломатиялык байланыштар Кыргызстан жаңы эле эгемендүүлүк алган 92-жылдын майында башталган. Андан эки жыл өткөн соң өкмөттөр аралык комиссия түзүлүп, экономикалык байланыштарды арттыруу аракети көрүлгөн. Азыркы учурда ортодогу соода жүгүртүүнүн көлөмү беш млн долларга жетпеген сумманы түзөт. Элчи мырза дипломатиялык ишинде экономика жана саясий байланыштарды чыңдоого аракет кыла турганын белгиледи.

Өлкө башчы коңшу Өзбекстандын элчисинен да ишеним грамота кабыл алды. Дипломатиялык миссиясын баштап жаткан Хуршид Мирзахидов эки мамлекет ортосундагы ынак коңшулук мамилени, соода жана саясий өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн үстүндө иштей турганын билдирип, өлкө лидерлеринин жаз айындагы жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу негизги максаты экенин кошумчалады.
 

Венгриянын элчиси да жаңыдан кызматка киришүүдө. Өлкө башчыга ишеним катын тапшырган элчи эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алаканы алдыңкы деңгээлге чыгаруу негизги максаты экенин билдирди. Бул өлкөнү Кыргызстандын Европадагы стратегиялык өнөктөшү десек да болот. Венгрия Түрк кеңешине да байкоочу катары мүчө болуп, байыркы тектеш элдер менен кызматташууга кызыкдар болууда. Жакында кыргыз-венгер инвестициялык фонду түзүлөрүн элчи маалымдады.
 

Кыргызстан жана Афганистан 99-жылы дипломатиялык байланышты орнотушкан. Андан бери өлкөлөр ортосунда, өкмөттөр аралык жана мекемелер ортосунда түзүлгөн онго жакын келишим бар. Жаңыдан дайындалган элчи дал ушул келишимдердин негизинде ортодогу саясий-экономикалык байланыштарды арттырууга аракет кыла турганын айтты. Узаган апта орозо айт майрамын утурлай өлкө лидерлери да телефон аркылуу байланышкан болчу. Анда жакын арада өкмөттөр аралык комиссиянын отурумун өткөрүүгө макулдашылган.
 

Бир тууган Түркия өлкөсү да жаңы элчи жиберип, Президент Эрдогандын ишеним катын бүгүн өлкө башчыга тапшырды. Элчи Ахмет Садык Доган эки мамлекет ортосундагы саясий алаканы чыңдап, экономикалык байланышты арттырып, ортодогу соода жүгүртүүнү бир млрд долларга жеткирүүнүн үстүндө иштейм деген убадасын берди. Ошондой эле президент менен баарлашууда жакында эле болгон Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга токтолуп, кыйын кырдаалда Кыргызстан жана кыргыз эли жалгыз эместигин өлкө башчыга билдирди.
 

Ал эми коңшу жана боордош Казакстандан келген элчи ортодогу дипломатиялык алаканы бир туугандык нукта улантууга умтула турганын билдирди. Эки тараптуу жана эл аралык уюмдар алкагындагы көп тараптуу кызматташууну чыңдоо дипломат мырзанын негизги максаты болмокчу. Ал ошондой эле кыргыз лидеринин ушул жылдын март айындагы Казакстанга жасаган мамлекеттик сапарында жетишилген макулдашууларды турмушка ашыруунун үстүндө иштейм деген убадасын айтты.

Дипломаттардын ишеним грамоталарын кабыл алган соң, мамлекет башчысы ар бир элчи менен өзүнчө баарлашып, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, жакынкы келечектеги өз ара кызматташуунун артыкчылыктарын, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары тереңдетүү чараларын талкуулады. Алардын эл аралык бай тажрыйбасы өлкөлөр ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөкчү болот деген ишенимин билдирип, ар тараптуу жардам көрсөтүүгө, алардын жооптуу дипломатиялык кызматтагы иш-аракеттерин колдоого даяр экендигин билдирди.