Жаңылыктар
Битир-садакадан чогулган 228 миң сом муктаж адамдарга таратылды
Дин
Битир-садакадан чогулган 228 миң сом муктаж адамдарга таратылды

Быйылкы битир-садакадан 60 муктаж адамга 228 миң сом таратылды. Бул тууралуу муфтияттын расмий сайты жазды. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына Рамазан айында жалпысынан 190 арыз келип түшкөн. Кайрылууну муфтияттын атайын комиссиясы карап чыгып, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша битир-садакадан жардам берүүдө. Арыз менен кайрылгандар арасында негизинен майыптар, оор операциядан чыккандар жана жетим-жесирлер бар.