Кыргызстан тышкы саясаттагы алаканы бекемдөөдө коңшу жана алыскы өлкөлөрдүн бардыгы менен алаканы өнүктүрүүгө басым жасайт. Акыркы жарым жыл ичинде коңшу Казакстан жана Өзбекстан менен кызматташтык ыкчам жанданып, чек ара, соода экономика жана маданий гуманитардык багыттарда кыймыл күчөдү. Буга катар Түркия, Орусия, Кытай жана Европа өлкөлөрү менен ар тараптуу кызматташтык алакалары түзүлүүдө.
Адистер өлкөдөгү социалдык экономикалык абал, анын өнүгүүсү коңшу өлкөлөр менен тыгыз байланышта экенин айтышат. Андыктан өткөн жылдагы окуялардан кийин биринчи кезекте тегеректеги мамлекеттер менен алаканы жандантуу зарыл болду. Президент Садыр Жапаров март айынын башында мамлекеттик сапар менен Казакстанда болду. Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдөн сырткары, бул өлкөнүн ири бизнес компаниялары жана ишкерлери менен жолугушуулар өтүп, млндогон доллар каражатка келишимдер түзүлдү.
Өзбекстан менен эң негизгиси чек ара маселеси толук чечилип, андан сырткары соода экономикалык кызматташтык жаңы деңгээлге чыкты. Президент Садыр Жапаровдун коңшу өлкөгө болгон мамлекеттик сапарында тараптар экономикадан тарта аскердик кызматташууга чейинки бардык тармактар боюнча алаканы талкуулашкан. Учурда Кыргызстан Өзбекстан менен товар айлантуунун көлөмүн 2 миллиард долларга чыгарууну көздөп жатат. Маалыматка караганда, ушул тапта Өзбекстанда кыргыз капиталын пайдаланган 183 ишкана бар. Ошондой эле пандемия учурунда эки өлкө ортосундагы соода-сатык бир топ көбөйгөн.
Боордош өлкө катары Кыргызстан Түркия менен тыгыз кызматташтык алака түзүп келет. Эки өлкөнүн ортосунда саясий, соода экономикалык жана маданий гуманитардык байланыштар калыптанган. Жакын арада мамлекет башчысы Түркияга расмий иш-сапар менен бараары күтүлүүдө. Адистер анын жыйынтыгы менен өз ара алака жаңы деңгээлге чыгып, кызматташтыктын бардык багытын камтыган келишимдерге кол коюларын күтүп жатышат.
Европа өлкөлөрүнүн ичинен Венгрия менен дагы эки тараптуу кызматташтык күчөтүлүүдө. Эки мамлекет билим берүү, саламаттык сактоо, финансы жана бир топ тармактарда мамиле түзүп келет. Буга чейин Венгрия кыргыз студенттерине билим алууга 75 орундук квота берип келсе, азыркы учурда 150гө чейин көбөйтүлгөн. Билим берүү эки өлкөнүн ортосунда жолго коюлуп, ийгиликтүү иштеп жаткан долбоорлордун бири гана болуп саналат.