Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетине “Кумтөргө” убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырды. Ал эми алтын кенинин айланасындагы маселелерди иликтеген мамлекеттик комиссиянын иш мөөнөтү дагы 3 айга узартылды. Канадалык компания соңку кырдаалга байланыштуу арбитражга кайрылганын жарыялады. Эки тарап эми эл аралык сотто өз чындыгын далилдейт. Бирок “Центерра” Кыргызстандын талаптарына көнсө, арбитраждын чечимине жеткирбей мунаса табылып калышы да мүмкүн.
“Кумтөрдүн” айланасындагы маселелерди талкуулоо үчүн эл өкүлдөрү кезексиз жыйынга чогулду. Кыргызстандын “Центерра” компаниясы менен талаш-тартышы курчуду. Кенди иштетүүдөгү экологиялык зыян жана узак жылдардан бери уланып келген мыйзамсыздыктар тууралуу мамлекеттик комиссиянын башчысы Акылбек Жапаров баяндама жасады. Ал канадалык компания менен түзүлгөн келишимдердин бардыгы Кыргызстандын кызыкчылыгына дал келбегенин билдирүүдө.
Өлкөнүн “Кумтөрдөгү” үлүшү алгач 67 пайыз болсо, кийин ал 33 пайызга түшкөн. Анын да тең жарымы арзан сатылып, Кыргызстан “Центеррадагы” акциялардын 16 процентине гана ээлик кылып калган. 2009-жылы кенди чалгындоо үчүн 16 миң гектар кошумча жер берилип, анын эсеби менен “Кыргызалтын” ишканасынын “Центеррадагы” акциялары кайра 33 пайызга жеткирилген. 2017-жылы канадалык компания Кыргызстандын уруксаты жок эле кошумча акцияларды чыгарып, “Томпсон крик” алтын кенин сатып алганы кабарланган. Мындай шартта өлкөнүн үлүшү дагы азайып, учурда 26 пайызды гана түзөт. Ал эми “Центерра” иштеткен кендердеги жалпы ресурстун 80 пайызы “Кумтөргө” таандык. Мамлекеттик комиссия сатып алууларды, компаниянын чыгымдарын Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы жасалган аракет деп эсептейт.
Өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келген аракеттер коррупциясыз ишке ашмак эмес. “Центерранын” менеджерлерине бийлик өкүлдөрү ар тараптан колдоо көрсөтүп келгени белгиленди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Кумтөрдүн” айланасындагы жер берүү, салык маселелерине байланыштуу 4 кылмыш иши иликтенип жатканын кабарлады. Анын бири канадалык компаниянын жетекчилигине карата козголсо, үчөө Кыргызстандын аткаминерлерине карата териштирилүүдө.
Бул коррупциянын кесепетинен улам келтирилген экономикалык гана жоготуулар. Ал эми экологиялык зыян миллиарддаган долларларга бааланып жатат. 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр голд” компаниясын экология мыйзамдарын бузганы үчүн 261 миллиард сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Бул чечимге жана кенге тышкы башкаруу киргизүү боюнча мыйзамдын кабыл алынышына каршы “Центерра” эл аралык арбитражга кайрылганын жарыялады. Кыргызстан канадалык компания менен соттошууга даяр.
Ошентип азырынча канадалык компания да, Кыргызстан да соттошуудан кайра тартпасын билдирүүдө. Соңку кырдаалдан улам “Центтерранын” акциялары 30 пайызга арзандап кеткени кабарланды. Эгер абал дагы курчуп, кенде иш токтой турган болсо анын экономикалык кесепети кандай болот деген суроо жаралууда. Аткаруу бийлиги быйыл “Кумтөрдөн” 10 миллиард сомго жакын каражат түшөрүн болжоп жаткан. Учурда анын ордун толтура турган кошумча булактар изделүүдө.
Кыргызстандагы ири кенди улутташтыруу маселеси узак убакыттан бери көтөрүлүп келатат. Бирок “Кумтөрдө” 2026-жылы алтын түгөнөрү айтылып, пайдасынан кесепети көбүрөөк эмеспи деген маселе жаралган. Соңку айларда гана мурдагы чалгындоолордун корутундусуна таянып, кенде 400 тоннадай алтын бар экени айтылууда. Мындан тышкары калдык сактоочу жайдын алдында дагы 106 тонна алтын бар. Бирок бул ирет мамлекет “Кумтөрдү” улутташтырып гана чектелбей, “Центерра” иштетип жаткан башка өлкөлөрдөгү кендерди кошо башкарууну максат кылууда.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетине “Кумтөргө” убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырды. Буга канадалык компаниянын жоопкерчиликсиздигинен улам алтын кени эки айдан бери башкаруусуз турганы, мөңгүлөрдү көзөмөлдөгөн система өчүп калганы да жүйөө катары айтылды. Ал эми мамлекеттик комиссиянын иш мөөнөтү 3 айга узартылды.