Жаңылыктар
Негизги багыт - инвестиция тартуу
Кыргызстан жаңылыктары
Негизги багыт - инвестиция тартуу

Министрлер кабинети инвестициянын жардамы менен экономикалык оор кырдаалдан чыгууга аракет көрөт. Бул багыт 100 күндүк программада көрсөтүлүп, жаңы мыйзамга ылайык тармакты күчөтүүгө милдети атайын өзүнчө министрликке жүктөлгөн. Эми эки айдын ичинде инвесторлорду коргоо боюнча кодекс кабыл алынып, пандемиядан жабыр тарткан экономиканын кемтигин инвестиция тартуу менен толтуруу планы бар.

Эки жылдан бери өлкөнүн экономикасын чоң сокку урган пандемия, тармакты алсыратып калктын саламаттыгын сактоого пландалбаган эбегейсиз каражат сарпталды. Эми анын баарын калыбыны келтирүү үчүн экономика министрлиги баш болгон тармактык органдар кризистик планда ишке ашырышы кажет. Бул багытта өкмөттүн 100 күндүк программасында да айтылып, киреше түшө турган булактар тизмектелген.

Өкмөт инвесторлордун кызыкчылыгын коргоо менен чет элдик ишкерлердин өлкөгө каражат салуусуна шарт түзөт. Буга чейинки бюрократия, эсепсиз текшерүүлөрдүн тизгини тартылып, инвесторлорго атайын кепилдиктер каралары күтүлүүдө. Жаңыдан түзүлгөн министрлик мыйзамдарды талдап, аларды жакшыртуу багытында ишти баштады. 

Буга чейин президенттин ишкердик субъекттерди коргоо боюнча кошумча чараларды камтыган жарлыгы чыккан. Эми инвесторлорго ар тараптан колдоо көрсөтүлөөрү убадаланды. Инвестиция мамлекетти каатчылыктан чыгаруунун негизги булагы катары саналып жатат. Пандемиядан улам Кыргызстандын жылдык ички дүң өнүмү 8 пайызга төмөндөгөн. Анын эпкини быйыл да уланууда.