Жаңылыктар
Чек ара көйгөйүнүн коопсуздукка таасири
Кыргызстан жаңылыктары
Чек ара көйгөйүнүн коопсуздукка таасири

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара көйгөйү эки өлкөнүн гана эмес, жалпы аймактагы коопсуздуктун көптөгөн маселелерин көрсөттү. Бул көйгөй бир нече жылдан бери белгилүү болгонуна карабай аны чечүүнүн жолдору сунушталбай келет. Бул тууралуу пикирлерин тиешелүү тармактын адистери билдиришип, маселе “Фергана өрөөнүндөгү чек ара жаңжалдарынын Борбордук Азиядагы коопсуздукка тийгизген таасири” аттуу тегерек столдо талкууланды. Адистер чек ара көйгөйлөрүн чечүүнү артка жылдырууга болбойт деген бүтүмгө келишкенин билдиришти. 

Өлкөлөр ортосундагы чек ара көйгөйлөрү аймактагы коопсуздукка таасир эте турган негизги фактор болуп калды. Мындан сырткары дайым, маал-маалы менен тутанып жаткан жаңжалдар мамлекеттин социалдык экономикалык жашоосуна да түздөн түз залакасын тийгизүүдө. Ага катар карапайым калк тынч жашоону эңсеп, чек ара аймактарынан кетүүнү каалагандыктан, миграциянын агымы да жыл санап күчөп барат. Андыктан адистер бул маселеге олуттуу маани берилип, сүйлөшүү жолу менен тез арада чечилүүсү керек дешет.

Адистердин айтымында, 30 жыл аралыгында өлкөлөр чек ара маселелерин чечүү боюнча бирдиктүү пикирге келе алышкан жок. Мындан чек ара аймактарында жашаган жергиликтүү тургундар гана жапа чегип жатышат. Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Токон Мамытов, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы акыркы окуяларга токтолуп, коңшу өлкөнүн куралдуу кол салуусуна сөзсүз түрдө укуктук баа берилиш керек деген пикирин билдирди.

Адистер чек көйгөйлөрү, дегеле аймактагы аскердик жаңжалдарды жөнгө салуудагы эл аралык уюмдардын орду жана укук милдеттери боюнча маселеге токтолушту. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы окыркы окуяда Жамааттык кызматташтык келишим уюмунун аракети ача пикир жаратканын айтышат.