Жаңылыктар
Оштун Манас-Ата кичи районунда мыйзамсыз курулуштар алынып, көрктөндүрүү иштери жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Оштун Манас-Ата кичи районунда мыйзамсыз курулуштар алынып, көрктөндүрүү иштери жүрүүдө

Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы Салиева көчөсүндө көп кабаттуу үйлөрдүн айланасында жана тротуарга чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар алынып, көп кабаттуу үйлөрдүн сырты сырдалууда. Мындан тышкары муниципалдык автоунаа токтоочу жайлар курула баштады.

Ошондой эле Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Манас-Ата кичи районун кыдырып, жашоочулар менен жолугушту. Мэр, вице-мэрлер менен бирге Салиева көчөсүн оңдоо иштерине даярдыгын текшерип, тапшырмаларды берди."Быйыл Салиева көчөсү кеңейтилип, асфальтталат. Аллеяга балдар ойноочу жай, оргумалар кошо курулат. Шаарды иретке келтирүүдө ар кандай сын пикирлер да айтылат экен. Биздин максат шаарды бир четинен оңдоп, шаардыктарга шарт түзүү",-деди шаар мэри.