Жаңылыктар
Роман Петров фехтование боюнча эл аралык мелдешке катышат
Спорт
Роман Петров фехтование боюнча эл аралык мелдешке катышат

Фехтование боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Роман Петров Олимпиада оюндарына даярдык көрүү максатында 16-майдан 20-майга чейин Харьков шаарында (Украина) өтө турган эл аралык окуу-машыгуу  жыйынга жана андан ары 21-23-май күндөрү ошол эле шаарда фехтование боюнча эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Белгилей кетсек, спортчу 16-майдан 24-майга чейин  Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан Харьков шаарына жөнөтүлөт.