Жаңылыктар
Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Азия чемпионатына катышат
Спорт
Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы  Азия чемпионатына катышат

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөлөрү 21 майдан 1 июнга чейин БАЭнин Дубай шаарында өтө турган Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарнбия жана спорт агенттиги билдирди.

Спортчулардын тизмеси:

1.  Мирлан Түркбай уулу, 49 кг;

2.  Азат Усеналиев, 52 кг;

3.  Акылбек Эсенбек уулу, 57 кг;

4.  Нурадин Рустамбек уулу, 69 кг;

5.  Өмүрбек Бекжигит уулу, 75 кг;

6.  Эркин Адылбек уулу, 81 кг;

7.  Жылдызбек Ниязалиев, улук машыктыруучу;

8.  Данияр Тологон уулу, улук машыктыруучу;

9.  Данияр Джусубалиев, башкы машыктыруучу;

10. Ильяс Маров, машыктыруучу.

Белгилей кетсек, бокс боюнча курама команда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлөт.