Жаңылыктар
ДССУ: пандемиянын экинчи жылы кооптуу болуп, өлүмгө көп алып келет
Дүйнө
ДССУ: пандемиянын экинчи жылы кооптуу болуп, өлүмгө көп алып келет

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемиянын экинчи жылы өлүмгө көп алып келет деп эсептейт. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебреисус жума күнү коронавирус пандемиясынын экинчи жылы дүйнөдө өткөн жылга салыштырмалуу көп өлүмгө алып келерин билдирген. 

"COVID-19 буга чейин 3 миллион 300 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган. Пандемиянын экинчи жылы биринчи жылга салыштырмалуу алда канча коркунучтуу болот", - деп билдирген ДССУнун башчысы маалымат жыйында. Анын айтымында, өзгөчө тынчсызданууну Индиядагы кырдаал гана эмес, атап айтканда Непалдагы, Вьетнамдагы, Таиланддагы жана Египеттеги кырдаал да жаратууда. Ал белгилегендей, кырдаалдан чыгуунун бирден бир жолу - чектөө чаралары менен эмдөөлөрдүн айкалышы. ДССУнун башчысы өлкөлөр пандемияга каршы жана эмдөөлөргө каршы күрөшүүдө биригиши керектигин кошумчалады.