Жаңылыктар
COVID-19: Кытай Эверест чокусуна чыгууга тыюу салды
Дүйнө
COVID-19: Кытай Эверест чокусуна чыгууга тыюу салды

Непалда коронавирус жуктургандардын саны кескин жогорулаганына байланыштуу Кытай Эверест чокусуна чыгууга тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. 

Маалыматка ылайык, Кытай бийлиги Эверестке Тибет тараптан чыккан коңшу Непалдын альпинисттери коронавирусту алып жүрүүчүлөр болуп калышы мүмкүн деген кооптонуудан чокуга чыгуу үчүн уруксатты жокко чыгарууну чечти. Белгилей кетсек, былтыр пандемияга байланыштуу альпинизмге тыюу салынган. 

Ал эми ушул жазда кытайлыктар Эверестке чыгууга 38 адамга уруксат беришкен - алардын бардыгы Кытайдын жарандары болгон. Непал 408 адамга уруксат берген. Эске салсак, Эверест чокусунун бийиктиги 8 миң 848 метр.