Жаңылыктар
Президент С.Жапаров алдыдагы эл аралык иш-чараларга байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү
Саясат
Президент С.Жапаров алдыдагы эл аралык иш-чараларга байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мурда пландаштырылган эл аралык иш-чараларга байланыштуу, эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо максатында, убактылуу аралыктан иштөө режимине өттү.

Өлкөдө болуп жаткан бардык окуялар, анын ичинде социалдык-экономикалык маселелер дайыма Мамлекет башчысынын көзөмөлүндө.