Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу өттү
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу өттү

Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 13-17-майына чейин Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду. Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү.