Жаңылыктар
Өз үйүн өзү өрттөп, адам өлүмүнө себепкер болууга шектүү жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Өз үйүн өзү өрттөп, адам өлүмүнө себепкер болууга шектүү жаран кармалды

Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги батирден чыккан өрттүн кесепетинен үй толугу менен күйүп, өрттүн түтүнү жогорудагы батирлерге көтөрүлүп, натыйжада 57 жаштагы жаран Р.Г. көмүр кычкыл газына ууланып реанимация бөлүмүнө жеткирилип, анын коногу 40 жаштагы П.Н. ошол жерде каза болгон. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Бул 15-майда катталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Окуя болгон жерде Ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобунун кызматкерлери гана эмес, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана медициналык кызматкерлер дагы иштешкен. 

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, Чүй облусунун ИИББнын криминалдык милиция кызматкерлери жана Жайыл районунун ИИБнүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан 54 жаштагы С.А. өрт чыккан батирдин ээси кармалып РИИБнө алынып келген. Башында үй ээси өрткө тиешеси жоктугун айткан, бирок кийинчерээк өзүнүн үйүн үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам өрттөгөнүн мойнуна алган. 

Бардык жагдайлар такталып, керектүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.