Жаңылыктар
Президенттин басма сөз катчысы болуп Султанбаев Эрбол дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин басма сөз катчысы болуп Султанбаев Эрбол дайындалды

Эрбол Султанбаев Президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. 

Эске салсак, буга чейин Президенттин басма сөз катчысы кызматын аркалап келген Галина Байтерек Президенттин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. 

Мамлекет башчысынын дагы бир жарлыгы менен Нурай Марс Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматына барды.