Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавируска каршы 6 миң 295 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинен 2 миң 196сы экинчи доза алгандар. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 54 миң 101 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.
Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы, 10-майда дагы 20 миң дозасы алынып келген. Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин кыйыр учурлар катталган жок.