Жаңылыктар
ИИМ: кабыл алынган жазык-процесстик кодексинин жаңы долбоору кызуу талкуу жаратууда
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: кабыл алынган жазык-процесстик кодексинин жаңы долбоору кызуу талкуу жаратууда

Ички иштер министрлигинин ыкчам бөлүмдөрүнүн жаңы кабыл алынган жазык-процесстик кодексинин жаңы долбоору коомчулук жана укук коргоо органдары тарабынан кызуу талкуу жаратууда. Бул тууралуу министрликтин ардагерлери маалымат беришти. 

Сунушталып жаткан кодекстин долбоорунда прокурорлор күнүмдүк тажрыйбасында пайда болгон көйгөйлөрдү эске албастан ыкчам бөлүмдөрдүн, кылмыштардын алдын алуу жана аны ачуу боюнча ыйгарым укуктарын өзгөрүүсүз калтырган. Бүгүнкү күндө ыкчам бөлүмдөрдө иштеген кызматкерлердин ыйгарым укуктары алардын кылмыш ишин кароодогу ролу окуя болгон жерди коргоо, тергөө буйруктарын аткаруу жана кармалгандарды коштоо менен гана чектелүүдө.

Ардагерлер ыкчам бөлүктөгү кызматкерлердин ар биринде 700-800 арыздар, кылмыш иштери бар экендигин айтып жумуш эселеп ашыкча болгонун кошумчалады. Мындай учурда кылмыштуулуктун бети ачылмак тургай кызматкерлер айрымдары менен таанышканга жетишпей калат. Кылмыш ишин кароонун сапатын жогорулатуу багытында аракеттер чар-жайыт болууда, - дешет ардагерлер.