Жаңылыктар
Оор атлетика боюнча курама команда өспүрүмдөр арасында Дүйнө чемпионатына катышат
Спорт
Оор атлетика боюнча курама команда өспүрүмдөр арасында Дүйнө чемпионатына катышат

Оор атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү 21-31-май күндөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) өтө турган  өспүрүмдөр арасында Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. 

Курама команданын мүчөлөрү:

1. Эльзар Таиров, СЧ, 61 кг;

2. Ишимбек Муратбек уулу, СЧ, 67 кг;

3. Элдияр Шатманов, улук машыктыруучу. 

Белгилей кетсек, курама команда 21-майдан 29-майга чейин  Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан Ташкент шаарына жөнөтүлөт.