Жаңылыктар
Бийик тоолуу аймактагыларга төлөнүүчү кенетмеге өзгөрүү кирет
Кыргызстан жаңылыктары
Бийик тоолуу аймактагыларга төлөнүүчү кенетмеге өзгөрүү кирет

Социалдык өнүгүү министрлиги тоолуу аймактарда жашагандар үчүн төлөнгөн кенемте боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизип жатат. Министрлик “Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган жарандарга мамлекеттик кепилдик берүү жана кенемте төлөө” боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыкты. 

Бул документке ылайык эми - бийик тоолуу аймак деп деңиз деңгээлинен 1800 метр эмес, 2000 метр бийиктикте жайгашкан калктуу пункттар эсептелет,-деди министрдин орун басары Зууракан Каденова Нарын облусунун активисттери менен болгон жолугушууда. 

Бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чечим, Улуттук Илимдер Академиясынын тоо физиология институту көрсөткөн материалдарына таянуу менен мекемелер аралык комиссия текшерип чыккандан кийин кабыл алынган. Анда адамдын организминдеги өзгөрүү, ден соолугунун начарлашы деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикке барганда байкалат деп айтылат.