Жаңылыктар
Бүгүн Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө башталды

Бүгүн Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө башталды. Ага өлкө боюнча 43 миңге жакын мектеп бүтүрүүчүсү катышууда. 

Тестирлөө эки баскыч менен өтөт. 11 жыл алган билимин аныктай турган сынактын биринчи күнүндө окуучулар негизги предметтен, эртеси келечектеги кесибине жараша тандаган предметтерден тест тапшырышат. Тестирлөө бардык санитардык эрежелерди сактоо менен жүргүзүлүүдө. Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, Жалпы республикалык тестирлөөнү Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору өткөрүп жатат. 

Белгилей кетсек, ар кандай шарт менен каттоого жетишпей калгандар үчүн 22-23-июнда ЖРТ кошумча тизме боюнча өтөт.