Жаңылыктар
Мамлекет "Кумтөрдү" башкарууну колго алууда
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекет "Кумтөрдү" башкарууну колго алууда

Министрлер кабинети “Кумтөргө” тышкы башкарууну дайындоонун тартибин бекитти. Аны ишке ашырууну Экономика жана финансы министрлиги колго алат. Экологиялык жана өндүрүш коопсуздугу бузулуп, адамдар менен айлана чөйрөгө коркунуч жаралган шартта тиешелүү чечим кабыл алынганы белгиленди.

Жогорку Кеңеш мамлекеттик комиссиянын “Кумтөргө” тышкы башкаруу киргизүү тууралуу сунушун колдоду. Кезексиз жыйында алтын кени эки айдан бери башкаруусуз турганы, мөңгүлөрдү көзөмөлдөгөн система өчүп калганы белгилүү болду. Кыргызстан кенди иштеткен “Центерра” компаниясына миллиарддык доолорду коюп жатат. 

Экологиялык жана финансылык мыйзам бузууларды дагы дыкат иликтөө үчүн комиссиянын иш мөөнөтү 3 айга узартылды. Министрлер кабинети канадалык компания менен эл аралык арбитражда соттошуу үчүн ынанымдуу, негиздүү документтер, материалдар керек. Комиссия аткаруу бийлигине дал ушул жагдайда көмөк көрсөтүүнү максат кылып жатат.

 “Кумтөргө” байланыштуу мамлекеттик комиссиялар буга чейин да иштеген. Бирок коомчулукта ача пикирлер пайда болуп, айрымдарды инвестициялык климат, эл аралык соттун түйшүгү сыяктуу маселелер чочулаткан. Ал эми бул ирет бардык саясий күчтөрдө, бийлик бутактарында, жалпы элде бир пикир байкалууда. Көпчүлүк эл аралык арбитражда “Центерраны” утуп, тарыхый адилеттүүлүктү орнотуу зарыл деген турумду карманды. Болгону “Кумтөрдү” мамлекеттин пайдасына иштетүүнүн эки башка жолун тандоо талаш маселеге айланды. Айрымдар толугу менен кенди улутташтыруу зарыл болчу деп эсептейт.

Бирок “Центерра” жалгыз “Кумтөрдү” гана эмес, башка өлкөлөрдө да бир нече кенди иштетет. Демек, Кыргызстандын 26 пайыздык үлүшү “Кумтөргө” гана эмес, аталган компаниянын бардык кендерине тиешелүү. Дал ушул жагдайды эске алган айрым талдоочулар, жалгыз кенди улутташтыруу аркылуу “Центерра” башкарган башка ресурстардан баш тартууга болбой турганын белгилешет.