Жаңылыктар
Инвестиция тартуудагы мүмкүнчүлүктөр
Экономика
Инвестиция тартуудагы мүмкүнчүлүктөр

“Кумтөр” менен инвестициялык климатты чаташтыруу туура эмес. Мындай пикири менен Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов бөлүштү. Айтымында, Инвестициялык климат жана «Кумтөр» маселеси боюнча тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү - ар башка маселе. 

Ушул тапта кыргыз тарап менен кызматташууну көздөгөн чет өлкөлүк инвесторлор аз эмес. Ал арада өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү иштери жүрүп жатат. 

Орто жана чакан бизнес Кыргызстанда өнүгүп келе жаткан тармактардын бири. Анткен менен алардын иштешине кедергисин тийгизген ыксыз текшерүүлөр жана бюрократиялык көрүнүштөр. Дал ушундай жагдайларды жоюу максатында жана инвестицияларды тартуу үчүн мыйзам жагынан жакшы нормалар жазылып, керектүү укуктук база түзүү зарыл.

Буга кошумча эки айдан кийин инвесторлорду коргоо боюнча кодекс кабыл алынат. Жаңы конституцияда инвесторлор мыйзам менен эле эмес, Баш мыйзам менен да корголуп калды. Мындан сырткары жаңы кабыл алынган Конституциядан кийин өлкөдө Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министрлик түзүлдү.

Ушул тапта өлкөгө инвестиция тартуунун жолдорун жөнөкөйлөштүрүү, бизнес чөйрөнүн иш алып баруусуна кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү мамлекеттин алдында турган негизги милдет болуп турат. Жаңы система менен иштей баштаган бийлик зарыл болсо өзүнө караштуу жерлерди ишкерлерге бекер берүүгө, аларды салыктардан бошотууга даяр.